“Apple”дин кызматкерлери канча айлык алышат?

13-Дек. 2017, Шаршемби, 14:15

“Apple” компаниясы өз кызматкерлерине жылына 36 миң доллардан 800 миң долларга чейин айлык акы төлөйт экен. Бул АКШдагы орточо көрсөткүчтөн жогору акы болуп саналат.

Мында эң төмөнкү эмгек акы графикалык дизайнерлер, котормочулар менен софта даярдагандар алышат экен. Алардын кирешеси жылына 35-60 миң доллар көлөмүндө болот. Топ-менеджерлер 300-800 миң долларга чейин алышат. Ал эми креативдүү директорлор менен сатуу менеджерлер 225-200 миң доллар киреше табышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!