Эң кымбат компьютер сатыкка чыкты

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:26

“Apple” корпорациясы жаңы "iMac Pro”нун сатыкка чыкканын кабарлады. Бул тууралуу “lenta.ru” маалымдады.

Азыр бул компьютер “Apple” компаниясынын эң кымбат моноблогу. Анын баасы– 380 миң рубль. Жаңы чыккан түзүмдө “Intel Xeon W” сегиз ядролуу процессор бар. Анын так жыштыгы – 3,2 гигагерц, оперативдүү эс тутуму – 32 гигабайт жана “Radeon Pro Vega 56” видеокамерасы бар.

Америкалык “Apple Store”до компьютердин бир нече модификациясы орнотулган.

Ал 18 ядролуу процессору, 128 гигабайттык оперативдик эс тутуму жана “Radeon Pro Vega 64” графикалык адаптери бар максималдуу жыйынтыкталган компьютер болжол менен 800 миң рубль (13,5 миң доллар) турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!