“Facebook” лайк сурагандарга "согуш" жарыялады

19-Дек. 2017, Шейшемби, 13:18

“Facebook”тун колдонуучуларды лайк басууга, репост жасоого же болбосо кандай да бир башка суранычтардын жардамы менен макала же рекламаны кеңири жайылтууга чакырган жазуулардын рейтингин төмөндөтөт. Бул тууралуу “korrespondent.net” маалымдайт.

Адистер машиналык окутуунун жардамы менен «кайырмакка илүү тактикасын» пайдаланган постторду текшерүүгө мүмкүндүк берген алгоритмди ойлоп табышты.

“Facebook” ушундай тактиканы пайдаланган компаниялар менен белгилүү баракчалар жаңылыктар лентасында аз көрсөтүлүп жана камтыган аудиториясы төмөндөөрүнө даяр болууларын эскертишти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!