Аба аркылуу кубаттандырылуучу телефон

9-Янв. 2018, Шейшемби, 09:58

Сиэтлдеги Вашингтон университетинин инженерлери адаттагы кубатандыруучу каражатты кажет этпеген телефон ойлоп табышты. Бул тууралуу “Life” билдирет. Ал керектүү энергияны абадан алат.

Окумуштуулар гаджеттин бардык ички компоненттерин толугу менен жыйнап чыгып, ал мүмкүн болушунча аз энергия жумшап иштери белгилүү болду. Түзүм кирген радиотолкундар аркылуу байланышууга мүмкүндүк берген аналогдук добуш тараткыч менен жабдылган.

Электр энергиясын үнөмдөө максатында телефон алыстыктагы компоненттерди пайдаланат. Азыркы убакта бул түзүм базалык станциядан 15 метр радиуста гана жумуш иштейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!