“Google”га берилген эң көп суроолор кайсылар?

9-Янв. 2018, Шейшемби, 12:01

“Google”дун статистикасына таянсак, жыл бою адамдар өзүнүн жеке жашоосунун проблемаларын интернеттин жардамы менен чечүүгө аракеттенишкен. Издөө системасы жыл бою жасалган издөө, сурам-жылоолорду талдап, 2017-жылы көпчүлүктүн тынчын алган негизги маселелер аныктады.

“Google” – бул азыркы муундун өз алдынча жеке кеңешчиси болуп калды. Кээ бир суроолор 2017-жылы карым-катнаш жасоо маданияты кандай өзгөргөнүн көрсөтөт. Мисалы, көптөгөн адамдар бир нече көңүлдөш, сүйүү менен эркин мамилеге байланыштуу маалыматты 130 пайызы издешет экен. Экинчи четинен, интернет колдонуучулары мамилени бузган нерселер тууралуу көп окуй башташкан.

“Google”дагы эң көп таралган суроо салуу: “Алыс аралыкта мамилени кантип сактап калууга болбот?”

Кийинки эң көп суралган суроо техникалык жакка байланыштуу: «”Facebook”та мамилени кантип алмаштырууга болот?». Ошондуктан, дүйнөлүк желенин аудиториясы өткөн жылы 2 миллиард колдонуучуга жеткени таң калчтуу эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!