Цукерберг “FaceCoin” криптовалютасын чыгарабы?

10-Янв. 2018, Шаршемби, 09:27

"Фейсбуктун" негиздөөчүсү азыркы кездеги көп сөз болуп жаткан криптовалюта жана блокчейн тууралуу изилдеп көрөрүн кыйытып өттү.

Марк Цукерберг өзүнүн социалдык желедеги баракчасына 2018-жылдан эмнелерди күтүп жатканы тууралуу билдирүү калтырган. Мисалы, ишкер “Фейсбукту” дагы да өнүктүрүү менен бирге криптовалюталарга болгон кызыгуусу менен бөлүшкөн.

“Менин социалдык тармактагы миссиям адамдарга эркиндик берүү", — деди Цукерберг. Ал криптовалютанын оң жана терс жактарын изилдеп көргүсүү келээрин жана “Фейсбуктун” колдонуучулары үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүк түзүү тууралуу оюн билдирген. Мындан улам көпчүлүк арасында “FaceCoin” криптовалютасын чыгарат деген имиштер тараган.

Буга чейин маалымдалгандай биринчи криптовалютанын миллиардерлери болуп Цукербергдин атаандаштары ага-ини Уинклвосстор болгон. Алар фейсбуктун ээси менен соттошуп, кийин криптовалюта-биткоинге инвестиция салышып бул тармакка ооп кетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!