“Telegram” “Visa” менен “Mastercard”га атаандашабы?

11-Янв. 2018, Бейшемби, 12:31

Компания “ICO”-платформалардын эки негизги маселеси болгон которуу ылдамдыгын жана интерфейстин жөнөкөйлүүлүгүн чечүүгө ниеттенүүдө.

Ал учурда “Telegram Open Network” (TON) блокчейн-системасын “Visa” жана “Mastercard” төлөө системаларына атандаш болуп калат. Бул туралуу компания жакында жарыялаган. Ал өзүнүн блокчейн системасы белгилүү жана жеңил төлөө ыкмасы болуп калат деген ишенимде.

"Telegram” эң алгач блокчейн акча котормосун жөнөкөйлөтүүнү пландап жатат. Эскерте кетсек, криптовалютанын негизги көйгөйлөрүнүн бири бул жай транзакция операциялары.

Мындан сырткары, “Telegram” “ICO” платформасын дүйнөдөгү эң белгилүү крипто капчыкка айландырууну көздөөдө. Азыр тиркеменин аудиториясы 150 миллион адамды түзөт. Компаниянын болжолу боюнча 2020-жылга карата бир миллиардга чейин өсөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!