“Facebook”тун кожоюну эмне күнөө кылды?

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 10:32

Дүйнөлүк желедеги лентага өзгөрүш киргизилгени айтылгандан кийин “Facebook”тун акциялары арзандады. Ушул өзгөрүштүн кесепетинен Марк Цукерберг 2,9 млрд долларынан айрылды. Бул тууралуу “korrespondent.net” маалымдады.

Жума күнү Марк Цукерберг жаңылыктар лентасы өзгөрөрүн маалымдагандан кийин “Facebook” компаниясынын акциялары 3,9 пайызга арзандады. “Bloomberg Billionaires Index” маалыматы боюнча, бул өзгөрүштөн кийин анын наркы 77,3 млрд доллардан 74,4 млрд долларга чейин кемиди.

Эскерте кетсек, Цукерберг буга чейин социалдык желе колдонуучулары туугандары менен досторунун жарыялаган кабарлары желеде көп көрүнүп, жаңылыктар менен билдирүүлөр сейрек көрүнөрүн айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!