“WhatsApp” жаңы функциясын ишке кошту

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:14

Жаңы кошумча бизнес-профиль жасоого мүмкүндүк берет. Бул тууралуу “life.ru” булагы кабарлайт.

Ишке кошулган “WhatsApp Business” кошумчасы бекер. Ал ишкерлик кат алмашууга арналган. Эми ишкерлер өз фирмасынын профилин кура алат. Аккаунтта ишкердик тармагын, багытын, көрсөткөн кызматын, телефон номерлерин, кеңсе дарегин, веб-сайтын көрсөтүүгө болот. Ошондой эле статистикалык көрсөткүчтөрдү байкап турууга мүмкүн болгон эң жакшы фукция.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!