Инстаграмдан сүрөт жана видео кантип жүктөлөт?

2-Фев. 2018, Жума, 11:16

Өзүңүздүн же болбосо башкалардын аккаунтунан фото, видеолорду кантип жүктөш керек экенидигин билесизби? Анда сиздер үчүн азыркы жаштардын сүйүктүү тиркемелеринин бири инстаграмдан сүрөт жана видео жүктөө тууралуу кеңири маалымат беребиз.

Фото, видеолорду кантип көчүрсө болот?

Фото, видеолорду бир-бирден жүктөш үчүн жөнөкөй сервистердин бири – “DownloadGram” жардам берет. Бекер жана ар бир түзүмдө эч кандай программасыз иштей берет.

Фото/видеону сактоо үчүн, анын шилтемесин инстаграм кошумчасынан же инстаграмдын веб-сервисинен көчүрүп алып, “DownloadGram” сайтындагы шилтемеге арналган жерге коюңуз. Андан кийин “Download → Download Image” деген жерди басыңыз. Ошол учурда сүрөт автоматтык түрдө жүктөлөт же жаңы кошумча бетте ачылат. Эгер кошумча беттен ачылса, жөнөкөй сайттан сүрөт көчүргөндөй кылып телефонго жүктөп алыңыз.

Компьютерге “Instagram”дан сүрөттү кантип жүктөсө болот?

Ал үчүн 4K Stogram программасын сунуштамакчыбыз. Ал “МacOS”, “Windows” же “Linux”-терге арналган. Сүрөттү жүктөө үчүн алгач программаны компьютериңизге көчүрүп алууңуз керек. Компьютериңиздеги “4K Stogram”ды ачсаңыз, башкы бетти көрөсүз. Андагы көрсөтүлгөн жолго сүрөттүн жүктөгүңүз келген аккаунтту, хештегти же геолокацияны жазып, “Жазылуу”/”Subscribe” баскычын басыңыз.

Сүрөт жүктөлгөндөн кийин үстүнөн эки жолу бассаңыз, компьютериңиздин өзүнөн ачылат. Дал ушул эле программманын видео жүктөө үчүн “4K Video Downloader” нускасы бар.

Инстаграмдансүрөттү андроидке кантип жүктөйт?

“Google Play”де сүрөттү жүктөөгө мүмкүндүк берген көптөгөн программалар бар. Алардын бири – “Fast Save”.

Тиркемени пайдалануу үчун, өзүңүздүн инстаграм аккаунтуңуз менен кириңиз. Андан кийин “Fast Save”тин издөө системасы менен сурөттүн көчүргүңүз келген профилди издеңиз. Профилди ачыңыз, каалаган сүрөттүн үстүн басып туруп белгилеңиз. Андан соң жүктөө (загрузка) баскычын басыңыз. Сакталган файлдар телефонуңуздун галереясында пайда болот.

Эскерте кетсек, бул процестерди бекер орното аласыз. Эгер тиркеменин акы төлөө нускасын пайдалансаңыз, бир нече сүрөттү белгилөө аркылуу автоматтык түрдө жүктөөй аласыз. Ошондой эле жарнамасыз кызматка ээ болосуз.

Интаграмдан сүрөттү “iOS”ка кантип жүктөйбүз?

“iOS”ка сүрөт жүктөөгө мүмкүндүк берген тиркеменин бири – “InstaSaver”. Кызматын пайдалануу үчун алгач ага өзүңүздүн инстаграм аккаунтуңузду тиркеңиз. Андан кийин сүрөтүн жүктөгүңүз келген профилди таап, оң жак тарапта турган жогорудан төмөндү карай кеткен нускаларды басыңыз. Андан кийин “Batch Save-ті” тандаңыз. Аягында керектүү сүрөттөрдү белгилеп, “жүктөө” баскычын басасыз.

Тиркемени пайдалануу бекер. Бирок экинчи аккаунтту кошо турган болсоңуз же жарнаманы өчүрүп таштагыңыз келсе, акы төлөнүүчү нускасын пайдаланууңузга туура келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!