Акылдуу чемодандар

13-Март 2017, Дүйшөмбү

“Travelmate Robotics” компаниясы туристтер үчүн вокзалда же аэропортто жүрүүдө оор чемодандардын ордуна өзү жүргөн чемодандарды ойлоп табышты.

Роботтоштурулуп жасалган бул “Travelmate” чемоданды сүйрөөнүн жана көтөрүүнүн кажети жок. Ал сиздин артыңыздан жолдогу жолтоолорду инфра кызыл датчиктердин жардамы менен өтүп, сиз баскан ылдамдыктан калбай жүрөт. Колдоруңуз бошоп телефон, журнал, кофе жана башка нерселерге алек болууңузга болот. Чемодан акылдуу кулпу менен кулпуланып, эки USB-порттон турат жана буга смартфондоруңузду заряддап алууга мүмкүн.

Азыркы убакта бул жөн гана үлгү, бирок компания бул чемодандарды чыгаруу үчүн каражат издеп жатканды туурасында маалымдады. Алдын ала тапшырыш берилген чемодан 399 доллар турса, ал эми эң чоңу 595 доллар турмакчы. Эң алгачкы сатып алуучулар 2017-жылдын июнь айларында аны сатып ала алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!