“Telegram” аркылуу сайттарды авторизациялоо мүмкүн

7-Фев. 2018, Шаршемби, 15:34

“Telegram” жаңыланып жатат. Анда сайтка мессенджер аркылуу кирүүгө мүмкүндүк берген “Telegram Login” виджети пайда болду. Бұл тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды

Тиркеменин колдонуучуларында авторизация пайда болуусу үчүн, сайтка “Telegram login”ди кошуулары керек болот. Алгачкы авторизацияда колдонуучудан телефон номерди жана жиберилген кодду ырастоо талап кылынат. Ушундан кийинки авторизациялар “эки баскыч менен” ишке кошулат.

Мессенджер сайттагы ар бир авторизация сайын колдонучуну кабардар кылып турат. Мессенджердин жардамы менен авторизацияланган баардык ресурстарды “Android” тиркемесинен кароого болот. Ал эми “iOS” түзүмдөрү үчүн бул ыкма качан пайда болоору тууралуу айтылган эмес.

Инженерлер, авторизация учурунда ресурсту колдонуучу адам сайттын ээсине телеграмдагы аты-жөнү менен профилдеги сүрөттөрү тууралуу маалымат берүүгө макул экенидигин жана телефон номери жашыруун калаарын айтышты.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!