“Facebook”та эми жагымсыз пикирлерди өчүрүүгө болот

10-Фев. 2018, Ишемби, 10:34

Бул баскычтын башкы максаты – сизге жакпаган пикирди өчүрүп гана койбой, эрежениин бузулгандыгы тууралуу “Facebook” админстрациясына кабарлоого мүмкүн болот. Бирок, мындай жагымсыз пикирдин үстүнөн канча адамдын нааразычылык калтырганын колдонуучу көрө албайт. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты билдирет.

“Facebook” дүйнөлүк желеси жагымсыз пикирлерди өчүрүүгө жардам берген кызматты ишке кошот. Компания “Downvote” атайы баскычын АКШнын кээ бир аймактарында тестирлөөдөн өтүүдө. Ушул баскычты басуу аркылуу желе колдонуучулары жагымсыз пикирлердин үстүнөн чагымдана алышат.

«Биз дизлайк баскычын тестирлөөдөн өткөрүп жатабыз деп тушүнбөңүздөр. Бул кызмат түрүнүн интернет колдонуучулары үчүн канчалыкты пайдалуу болоорун аныктап жатабыз. Азырынча текшерүү иштери АКШнын кээ бир жерлериндеги колдонуучулары гана катышышат», - дейт “Facebook” өкүлү.

“Downvote” баскычын баскандан соң экранда кандай сыпаттагы кабар болгону тууралуу маалымат берет. Мисалы, «кордогон маанидеги», «жалган маалымат», «темага ылайыксыз» сыяктуу баскычтарды тандай аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!