Көз айнекти тагып виртуалдык дүйнөгө саякат

14-Март 2017, Шейшемби

Америкалык компания адамдар виртуалдык дүйнөгө кирүүгө мүмкүнчүлүк берген көз айнектерди ойлоп тапты. Санариптик студиялар дүйнөнүн булуң-бурчуна жайылууда. Бөлмөнүн ортосунда туруп колду алдыга узатып, ажайып дүйнөгө кирип кетүүгө мүмкүн болгон студиялар ачылууда. Бир саат ичинде бул дүйнөдөн учуп, бир туруп кооз шаарларды араласаңыз, бир туруп душмандар менен согушууга мүмкүнчүлүк болот.

Виртуалдуу студиялар чындыгында бир бөлмөнүн ичинде дубалга тагылган компьютерден турат. Ал эми пейзажды көз айнектин жардамы менен гана көрүүгө болот. Көз айнекти таккан маалда бул дүйнөдөн учуп кетесиз жана сырттан караган кишиге бул күлкүлүү көрүнөт.

Ал көз айнек же каскадан (шлем) турат. Бул түзүм жөн гана сүрөт же видео көрсөтүп койбостон, 3D көрүнүштөрдүн жардамы менен ага кирип саякаттоого мүмкүнчүлүк берет. Мындай девайстар төрт бурчтуу куту түрүндө болот жана желим корпуска ээ.

Анын ичинде эки кат дисплей, үч эсе 1280х1024 өлчөмдөгү сүрөттөрдү көрүүгө мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге көз алдыдагы нерсени 64 градуста көрүп, жакшыртылган стрео үн менен жабдылган. Булар менен гана чектелип калбастан инновациялык көз айнектер сүрөттөрдү адамдын кыймыл-аракети менен жылып тургандай трекерлер орнотулган.

Бул технология 360 даражадагы видеолорду көрсөтүп, өзүбүздү узак жерлерде, деңиз алдында, согуш талаасында жүргөндөй сезим калтырат.

Эми виртуалдык дүйнө менен байланыш түзүүгө мүмкүн болду!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!