“Instagram” скриншотторду алууга уруксат бербейт

13-Фев. 2018, Шейшемби, 15:14

Дүйнөлүк желенин колдонуучулары "Stories” аркылуу анонимдүү скриншот жасай алышпайт. Скриншот жасоо тууралуу маалымат аккаунттун ээсинин экранында пайда болот. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты “TechCrunch” маалымат булагына шилтеме жасап билдирет.

Белгилүү болгондой, ар бир “Stories”тин алдынан эки колонка пайда болот. Билдирүүнү карап жаткан адамдардын тизмегинин алдында, аны скриншот кылган адамдардын аккаунттары да чыгып турмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!