“Apple” кагаз акчаларды жок кылууну пландоодо

17-Фев. 2018, Ишемби, 15:28

«Купертин» компаниясынын башчысынын айтуусу боюнча, коомчулук көп узабай акча каражатынан баш тартат. «Apple» компаниясынын башкы директору Тим Кук акционерлердин жылдык жыйналышында кагаз акчаларындын жоголушун көргүсү келерин айтты» ,-деп билдирет "Cult of Mac».

Кук жакында байланышсыз төлөм жүргүзүү системасы бүткүл дүйнө боюнча, өзгөчө “Apple Pay”дин жеке технологиясында кенен таралганын билдирди. Купертиндердин башчысы коом кагаз акчадан баш тартканга чейин жашагысы келээрин маалымдады. Анын айтуусу боюнча, акчанын өлүмү алыс эмес.

Тим Кук «Apple Pay»дин активдүү түрдө таралуусун күткөнүн, бирок азыркыдай абалына да ыраазы экенин кошумчалады. Америкалык компаниянын башкы директору, ошону менен бирге, “СЕО “ компаниясынын төлөө технологиясы Россияда да, Кытайда да белгилүү экенин атап өтту. “Apple Pay” төлөө системасы 2014-жылдын күз айында сунушталганын эскерте кетсек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!