“ASUS” чыгарган “iPhone X”тын “эгизи” жарыяланды

21-Фев. 2018, Шаршемби, 10:30

“Социалдык түйүндө “ASUS” компаниясынын “Zenfone 5” жаңы смартфонунун алгачкы сүрөттөрү пайда болду”,-деп маалымдайт “life.ru” сайты.

Маалыматка ылайык, жаңы смартфондун дизайны “iPhone X”тин дизайнына окшош жана анын да рамкасы болбойт. “ASUS” жаңы түзүмүнүн техникалык сыпаттамасы тууралуу толук маалымат жарыялана элек. Бирок, гаджет экранынын формасы 18:9 болоору аныкталды.

Ошону менен катар, “Qualcomm” процессору жана “Zenfone 5” колдонуучу интерфейсинин жаңы үлгүсү тууралуу “akket” сайтында айтылат.

Эскерте кетсек, “Zenfone 5” расмий түрдө “MWC 2018” көргөзмөсүндө тааныштырылат. Ал Барселонада 26 –февраль менен 1-март айлар аралыгында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!