Келечектеги Россиянын солдаты

28-Фев. 2018, Шаршемби, 10:15

Вице-премьер Дмитрий Рогозин өзүнүн “Facebook” баракчасына “Ростех” кураган келечектеги россиялык жоокердин түзүлүшүн көрсөттү. Кийинки күнү көптөгөн колдонуучулар аны 2012-жылы чыккан “Tom Clancy's Ghost Recon”: “Future Soldier” оюнуна окшоштурушкан. Бул сүрөт социалдык тармакта көп талкуу жаратты. «Ростехти» плагиаттыкка күнөөлөп жатышат.

“Ростех”тин өкүлдөрү концепциянын сүрөтү эски экенин айтып өтүштү.

«Жасалып жаткан жабдыктын чыныгы көрүнүшү сыр болуп саналат – биз аны көрсөтүүгө укугубуз жок».

Келечектеги россиялык солдаттын жабдыктарынын катарына “Пермячка”, сумка (ранец), байланыш системасы жана маалыматты иштеп чыгуучу баш кийим (шлем), суу өткөрбөгөн жана өрткө каршы жабдыктар, инфра кызыл спектрдеги жоолорго каршы маскировка, рация, ГЛОНАСС GPS-коммуникаторы жана АК-12 чабуулчу автоматы бар деп болжолдонууда. Баардыгынын салмагы 26 кг, ал эми баасы 45 миң долларга чейин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!