Музыка сүйүүчүлөрү үчүн «SWPlaylist» тиркемеси

2-Март 2018, Жума, 10:33

Бул жолу ыңгайлуу жана сүйүктүү ырлаңызды угууга мүмкүндүк берген «SWPlaylist» тиркемеси жөнүндө сөз кылмакчыбыз. «SWPlaylist» жүктөп алып, бекер музыка угуңуз. Акыркы бир жылдын ичинде «вконтакте» дүйнөлүк желеси өзүнүн жаңыртылган нускасын чыгаруу аркылуу «музыка» менюсун бекер угууга мүмкүндүк берген баскычы жоюлган.

Айфон менен андроид аркылуу кирсеңиз да сиз мурунку жерден ырды «сактоочу» менюга жүктөй албайсыз. Бул компаниянын интернет-дүкөнгө жол ачуусуна алып келди. Тактап айтканды, “Appstore” менен “Playmarket” дүкөнүнө кирип, сатып алуу керек же бекер жүктөө керек. Эң кызыгы бекер жүктөлгөн тиркеме да жумуш жасабайт. Сатып алууга тура келет. Биз сизге бекер жана сапаттуу «Swplaylist» тиркемесин сунуштайбыз. Тиркеме “Appstore” жана “play market’ дүкөндөрүнөн бекер көчүрө аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!