“iPhone” смартфондору канча убакытка чыдайт?

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 15:47

АКШнын “Asymco” эксперттик компаниясынын адистери “Apрle” корпорациясы чыгарган “iPhone” смартфондору канча жылга чыдай тургандыгы тууралуу изилдөө жасашты. Расмий статистикалык маалыматтар менен сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, бул смартфондор 4 жылга чейин чыдай тургандыгы тууралуу кабарланды.

Тажрыйба жүргүзгөн адистер расмий статистикалык маалыматты “Apple” корпорациясынан алган. Изилдөө иштерине ушул убакытка чейин сатылган жана иштен чыккан “iPhone” смартфондору тууралуу даректер колдонулган. Адистердин айтуусу боюнча, орточо эсеп менен “iPhone” смартфондору төрт жыл сынбай жумуш иштейт экен. Бул смартфон ээлери арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында аныкталган.

Эскерте кетсек, “Apple” компаниясы мурунку “iPhone” смартфондорунун жумушун атайы жайлатканынын моюндаган.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!