50 долларлык «iPhone» үчүн кезек күткөндөр көп

6-Март 2018, Шейшемби, 10:14

Сатуучулар 11 000 адам чогулган соода борборундагы дүкөндү жаап салышты. Окуя Малайзияда катталган. Бул тууралуу "life.ru" сайты билдирет.

Март айынын башында, “Switch” бренди менен бирге иштеген малайзиялык “Apple” дүкөнү техникаларга жеңилдетилген пайыздар аркылуу сатуу тууралуу жарыялаган. Алардын ичинде 50 долларга “iPhone 5S” смартфону, 2011-жылы чыккан “MacBook Air” 128 долларга жана “iPad Air 2” үчүн болгону 77 долларга бааланган.

«Түн ортосуна чейин кезекке» турууга тыюу салынганына карабай, сатып алуучулар дүкөндүн жанында ачылышынан 19 саат мурда келе башташкан. Жалпы жумуштун башталышына чейин дүкөндүн алдында 11 миңден ашык адам жыйналган. Кезек күткөндөр соода борборунун кире беришинен созулуп, имарат жайгашкан көчөнү толугу менен ээлеп алышкан.

“Switch”тин өкүлдөрү элдин агымы менен күрөшө алышкан эмес. Ошого байланыштуу, «коопсуздук чараларын сактоо» максатында сатууну кийинкиге калтыруу тууралуу жарыялашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!