“Xiaomi”нин “чычканы” манжаны сканерлейт

6-Март 2018, Шейшемби, 11:07

Жаңы кытайлык түзүмдүн жардамы менен колдонуучулар компьютерге сыр сөздү “паролду” тербей эле, кулпуну ача алышат. “Xiaomi” манжа изин сканерлөө аркылуу компьютердин “чычканы” үчүн маалымат жыйнай баштады. Бул тууралуу “Gizmochina” кабарлайт.

Сканер “чычкандын” дөңгөлөгүнүн жанынан орун алган. “Windows Hello” программасы менен бирге болот деп маалымдалууда. Тактап айтканда, анын жардамы менен компьютериңиздин паролун жазбай ача аласыз.

Түзүмдүн мүнөздөмөсү интернетте пайда болду. “Чычкан” 1600 dpi / дюйм жана уруксат берилген “8G” ылдамдыгы бар “PAW3515” бюджеттик оптикалык сенсор менен жабдылган.

Түзүмдүн баасы 31 доллар турат. Болжолдуу турдө “чычкан” сатыкка 15-апрелде чыга баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!