“PayPal” криптотөлөм системасын киргизет

6-Март 2018, Шейшемби, 12:53

«PayPal» төлөмдөрдү кабыл алуу гиганты транзакциялардын ылдамдыгын арттырууга мүмкүндүк берген өзүнүн жеке криптовалюта төлөмдөрүн чыгарууну көздөп жатат. Патенттөө тууралуу маалымат АКШ патенттик жана соода маркалоо ведомствосунун веб-сайтында жарыяланды.

«Виртуалду валютадагы ылдамдатылган транзакциялык система» документинде сатуучу менен сатып алуучунун арасындагы атайы жеке ачкычтарды берүү аркылуу криптовалюта төлөмдөрүн ишке ашыруу ыкмасы жүргүзүлөт.

Жаңы системанын негизги максаты маалыматтардын тактап, желенин жаңы бөлүмүнүн пайда болуусу үчүн керектүү убакытты кыскартуу болуп саналат. Бул үчүн «PayPal» инженерлери сатып алуучулар менен сатуучуларга арнап бирдиктүү жеке ачкычтар жыйыны бар кайталанма электрондук капчыктарды колдонууга кеңеш берет.

«Бул системалар менен ыкмалар виртуалдуу валютада төлөм алганына көз жеткирүү үчүн, алуучунун күтүүгө керектүү убакытын иш жүзүндө алып таштайт. Бул виртуалдык валюталардын капчыгына киргизилген жана төлөнүчү суммасына тең виртуалдуу валютанын алдын-ала белгиленген өлчөмү менен байланыштуу жеке ачкычтарды берүү аркылуу кол жеткизилет »,-делет документте.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!