Инфографика: интернеттеги 1 мүнөт

11-Март 2018, Жекшемби, 22:12

“Statista” 2017-жылы 60 секундда интернетте эмне болуп жаткандыгын көрсөткөн инфографика жасады.

Санариптик дүйнө өзүнчө бир аалам. Ошону менен бирге өтө тез өзгөрүп турган аалам. “Statista” “Digital Economy Compass” экинчи басылмасы үчүн арналган кызыктуу инфографиканы даярдады; 2017-жылы ал визуализициалоо менен бир мүнөт ичиндеги аракетти көрсөтө алды. Бул изилдөө интернетте жүктөлгөн, колдонулган, изделген, жиберилген жана кабыл алынган нерселерди карап чыгууга мүмкүндүк берет.

Быйылкы жылы дүйнөдөгү санариптик экономикалык кызматты жакшы түшүнүүгө мүмкүндүк берген 200дөн ашык инфографика бар.


Өткөн жылы “Facebook”та бир мүнөт ичинде 243 миңден, “Instagram”га 65 миңден ашык сүрөт жүктөлгөн. “WhatsApp”тан 29 миллиондон ашык кат жиберилсе, ал эми “Skype”да 2 миллиондон ашык чалуулар болгон. “Tinder”да 18 миңден ашык оюн матчын жүктөсө, “YouTube” 400 сааттан ашык видео жүктөлүп салынган. “Spotify”де 1,5 миллиондон ашык ыр угулса, ал эми “Netflix”дан 87 миң саат видео каралып, ар бир мүнөт сайын “LinkedIn”де 120 жаңы эсеп-счет ачылган. Бир мүнөттө 350 миңден ашык твит, 210 миңден ашык "Snap” жиберилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!