Бийчи робот-ит таң калтырууда

14-Март 2018, Шаршемби, 14:29

Төрт аяктуу “ANYmal” роботу ар түрдүү ыргактагы музыкага айкалыштырып, ритмдерди сезип бийлей алат. Бир музыкадан экинчисине өтүүсү тез болбосо да, бир аз батыраак болот.

Социалдык тармакта, Швейцариянын Цюрих жогорку техникалык мектебинин адистери курган бийлеген робот-ит жарыяланды.

Робот түрдүү кыймыл-аракеттери ишке ашыруу менен музыканын ар бир ритмине жараша бийлейт. Бул тууралуу “BGR” жазып чыкты.

Роботтун кыймылдаткычы 12 электромоторго туташтырылган жана ал 12 саат бою автономдуу түрдө иштей берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!