Көрүнбөй калчу чапан: бул чындыкпы?

Көрүнбөй калчу чапан: бул чындыкпы?
15-Март 2018, Бейшемби, 09:51

Социалдык желелерде колдонуучулар кытайлыктардын ойлоп тапкан жаңылыгына таң калып бүтпөй жатышат. Мында “кванттык көрүнбөй калчу плащ” тууралуу сөз болуп жатат.

Бул тунук материалдан жасалган кванттык кездеме, аны кийген адамдын айланасында жарык толкундарын көрсөтөт да жана бул учурда ал адам жоголуп көрүнбөй калат.

Алгач интернет айдыңында видео жарыяланган, анда камеранын алдындагы адам тунук материалдан көрүнбөй калган. Анда бул монтаж эмес, чыныгы өнүккөн технология экени айтылган. Видеону 20 миллиондон ашык адам көрүп, массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн өзүнө бура алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!