Смартфонду 5 мүнөттө кубаттоочу түзүм

17-Март 2018, Ишемби, 13:44

“Америкалык “Elecjet” компаниясы смартфон аккумуляторун беш мүнөттө кубаттоочу түзүм жасап чыгарды, - деп кабарлайт “TengriMIX”.

Компания адистери жаңы “USB Type-C” портативти улантуучу тетик ойлоп табышты. Түзүм смартфон, планшет менен ноутбукту ылдам кубаттай алат. Аны сынактан өткөрүү аркылуу “iPhone X” жана “iPhone 8” 90 мүнөттө, ал эми “iPhone 5, 6, 7” жана “SE 5” 10 мүнөттө толугу менен кубаттала тургандыгы аныкталды.

"Кофе ичип бүткөнчө аккумулятор девайсыңызды толук кубаттай алат. Анын үстүнө колуңузда ар дайым ноутбуктун зарыядоочу түзүмү болмокчу", - дейт “Elecjet” адистеринин бири Уэйд Лам.

Бул түзүмдөр базарда 2018-жылы чыгат деп пландалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!