“WhatsApp” пайдалуу функциясын өзгөрттү

17-Март 2018, Ишемби, 13:47

“WhatsApp” инженерлеринин кабарларды өчүрүүчү функцияга өзгөрүш киргизди”, - деп “MSPoweruser” сайты.

Жаңыртылган “WhatsApp” бета-нускасын азыр да көчүрүп алууга болот. Буга чейин “WhatsApp”та жиберилген катты сегиз жарым мүнөт өтө электе өчүрүүгө болот эле, эми курулгудан каттарды жиберилгенден кийин бир саат сегиз мүнөт ичинде өчүрүүгө болот.

Эскерте кетсек, бул мессенджерде каттарды өчүрүү мүмкүндүгү 2017-жылдын күз айында пайда болгон. Бирок каттарды сактоонун жолу табылган эле. Кат алмашып жатканда башканын гаджетинен кабарды өчүрбөө үчүн смартфонду офлайн режимге өткөрүп койсо кат өчпөй калаары аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!