“Facebook” маалыматты мыйзамсыз пайдаланган

22-Март 2018, Бейшемби, 13:46

Европа менен АКШ бийлиги “Facebook” компаниясынан 50 млн адам туралуу маалыматты мыйзамсыз колдонгондугу үчүн жооп берүүсүн талап кылууда. Бул маалыматты жыйноо Трамп президенттикке шайланган маалда болгон деп айтылууда. Бул тууралуу “life.ru” сайты маалымдайт.

19-мартта Европалык коммисия дүйнөлүк желени жооп берүүгө чакырды. 17-мартта “The New York Times” жана “The Observer” басылмалыры жарыяланган макалада, 2016-жылы “Cambridge Analytica” британ-америка компаниясы Дональд Трамп президенттикке шайланар маалда 50 млн адам тууралуу маалыматты алардын уруксаатысыз жыйнашкан деп күнөлөнүдө. Андагы башкы максат- адамдардын электрондук пикирин аныктоо, тагыраагы, ошол кездеги кандидат Трамп тууралуу оюн билүү болгон. Бул аркылуу шайлоодогу жарнамаларды дасоо оңой болгон. Бирок ошентсе да 50 млн адам тууралуу так кандай маалыматтар алынганы жашыруун калууда.

“Facebook” бул айыпты жокко чыгарды. Жана “Cambridge Analytica” жыйнаган маалыматтардын туура экендигин, бирок 50 млн адамдын келишими бар экенин айтты.

Еврокомиссар Вера Юрова компаниянын бул аракетин мыйзам бузгандык деп айыптап жатат. Берлиндеги Жашылдар партиясынын өкүлү Рената Кюнаст да белгилүү тиркемеге деген наразычылыгын билдирди. Британия премьер-министринин өкүлү Тереза Мэй жана АКШ бийлиги алдынкы убакытта тергөө иштери жүрөрүн айтышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!