Телефон жарылып, он сегиз жаштагы кыз көз жумду

22-Март 2018, Бейшемби, 14:21

Индиянын тургуну смартфон менен сүйлөшүп жатканда телефону жарылган. Окуядан кийин кыз көз жумган. Бул тууралуу “Daily Mail” маалымат булагы билдирет.

18 жаштагы Ума Орам “Nokia” маркасындагы телефонун зарядка сайып койгон. Зарядалып жаткан маалда туугандарынын бири менен сүйлөшүп жаткан. Бирок катуу добуш чыгып, кыз эсинен танып калган.

Жарылганда Уманын көкүрөк тушу менен колу жана буттары күйүп калган. Окуя ордуна келген дарыгерлер кыздын өлүмүн кабарлашкан.

Кыздын агасынын билдирүүсү боюнча, жарылган телефон 2010-жылы чыккан “Nokia 5233” болгон.

Компания кыздын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!