“WhatsApp”тын негиздөөчүсү “Facebook”тан чыгууга чакырды

23-Март 2018, Жума, 10:39

Ишкер Брайан Актон өзүнүн “Twitter”деги баракчасынан социалдык желеден чыгып кетүүгө үндөгөн пост жарыялады. Буга “Facebook”тун тегерегинде болуп жаткан чыр-чатак себеп болууда.

Ал анда "Убакыт келди. #deletefacebook", - деп кыскача билдирүү жазган.

Белгилүү болгондой, Актондун мындай билдирүүсүнө акыркы кездери “Facebook”тагы чыр-чатакк негиз болууда. Дүйнөлүк желеде жумуш иштеген “Cambridge Analytica” компаниясы мыйзамсыз түрдө колдонуучулардын даректерин пайдаланганы ачыкка чыкты. Ушуга байланыштуу Цукербергдин акцияларынын баасы төмөндөй баштады.

Эскерте кетсек, “WhatsApp” мессенджери Брайан Актон жана Ян Кум тарабынан негизделген. 2014-жылы анын акцияларын “Facebook” 16 миллиард долларга сатып алган. Ян Кум азыркы күндө да компанияны жетектеп келет, ал эми Актон ушул жылдын башында кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!