"Amazon" "Google"ду артта калтырды

23-Март 2018, Жума, 13:32

Дүйнөдөгү эң ири интернет-дүкөндөрүнүн бири «Amazon» корпорациясы каржы рыногунда өзүнүн негизги атаандаштарынын бири «Google»ду ээлик кылган «Alphabet» корпорациясынан алгачкы жолу басып өттү.

Азыркы убакытта «Amazon» 763,27 миллиард долларга бааланып жатат. Январь айынан бери «Amazon» корпорациясынын акциялары 29 пайызга өскөн. Ал эми «Alphabet» акцияларынын баасы жыл башынан бери бир нече ирет өзгөрүп турган. 2017-жылкы эсеп натыйжалары боюнча «Amazon»дун таза пайдасы 3,033 миллиард доллар болсо, соода-сатыктан түшкөн кирешеси 177,866 миллиард долларга жеткен.

Белгилей кетсек, азыркы күндө «Amazon»дан да акциялары кымбат корпорация бул – «Apple». Эки корпорация ортосундагы каржылык айырма азырынча өтө эле чоң. “Apple” азыркы күндө 892 миллиард долларга бааланууда. «Amazon»дун каржы рыногунда турушу инвесторлорго байланышты болуп жатат. Статистиканын маалымат боюнча, «Amazon» кызматын ар жылы 196 миллиондон ашык кардар пайдаланып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!