“Facebook” телефонуңуздагы маалыматты көрө алат

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:37

2004-жылдын февраль айында түзүлгөн “Facebook” дүйнөлүк желесинин алпы дүйнөдөгү 1,32 миллиардга жакын активдүү колдонуучулары бар. Ал азыркы убакта эң кыйын күндөрдү баштан өткөрүүдө.

Өтө кыйын чатактын ортосунда турган “Facebook” күн тартибинде. 50 миллиондон ашык колдонуучунун уруксатысыз даректерин пайдаланылган.

2016-жылы “Cambridge Analytica” компаниясы Дональд Трамп президенттикке шайланар маалда 50 млн адам тууралуу маалыматты алардын уруксаатысыз жыйнашкан деп күнөөлөнүдө. “Facebook” тармагынын жетекчиси Марк Цукерберг өткөн күндөрдө “CNN” телеканалына берген билдирүүсүндө маалымат коопсуздугунан кемчиликтер кеткенин мойнуна алган эле.

“Facebook” тууралуу маалыматтарды программалык камсыздоо Дилан Маккейга тиешелүү.

“Twitter”деги баракчасынан Маккей өз оюу менен бөлүшүп жатып, “Facebook”тун колдонуучуларга арналган смартфондордогу баардык даректерге кол жеткизди жана аларды сактоосун сунуштады.

Маккейдин маалыматына ылайык, “Facebook” сиздин телефон китепчеңиздеги жана телефонуңузга орнотулган программаларга кол жеткире алат. Телефонуңузга чалгандарды жана ким менен канча сүйлөшкөнүңүздү жана жазышканыңызды көрө алат.

Мындан сырткары, Маккей “Facebook” баардык телефондогу контакттарды өзүнүн платформасына жүктөөрүн билдирди. Керек болсо, китепчеге тиркелбеген адамдар социалдык желе аркылуу тиркелет.

Жаңы Зеландиянын программаны камсыздоо инженерлеринин изилдөөсү боюнча, “Facebook” жиберилген жана кабыл алынган баардык “SMS” каттарды (мета) жыйнаган.

“Facebook”тан көптөгөн даректериди жүктөп алуу үчүн сценарий жазган Маккей “Facebook”тун 2016-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июлуна чейин смартфондогу баардык маалыматтарды жыйнаганын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!