АКШда “Facebook”ка каршы тергөө башталды

28-Март 2018, Шаршемби, 09:20

АКШнын федералдык соода комиссиясы социалдык желенин жетекчилеринин колдонуучулардын жеке маалыматтарын коргоону кандай уюштурганын текшерет. АКШда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого милдеттендирилген Федералдык Соода комиссиясы 50 миллион колдонуучунун өздүк маалыматтары саясий кеңешчи компаниялардын колуна кандайча өткөнүн иликтөөгө алат. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайтына шилтеме берип кабарлады

Мындан мурда Европалык сот адилетүүлүгү жөнүндөгү комиссар Вера Юрова “Facebook” социалдык желесине катыштуу «катуу чараларды» жарыялаган эле.

“Facebook” компаниясы “Cambridge Analytica” британ аналитикалык фирмасы шайлоодо жеңүүгө жардам бергени үчүн “Facebook” компаниясынан алынган 50 млн колдонуучунун маалыматтарын туура эмес пайдалангандыгы аныкталгандан кийин сынга кабылды. Тактап айтканда, бул АКШ президенти Дональд Трамптын жана “Brexit”-компаниясынын шайлоо алындагы иштерине катыштуу.

Европа парламентинин башчылыгы Цукербергти жеке маалыматтарды туура эмес пайдалангандыгына катыштуу түшүнүк берүүгө чакырды. Ошондой эле, АКШ Цукербергдин Конгресс алдында жооп бергенин каалайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!