Цукерберг түшүнүктөмө берүүдөн баш тартты

28-Март 2018, Шаршемби, 10:06

“Facebook” социалдык желесинин негиздөөчүсү Марк Цукерберг колдонуучулардын маалыматтарына байланыштуу жаңжал тууралуу Британия парламентине барып түшүнүктөмө берүүдөн баш тартты.

“Cambridge Analytica” компаниясы менен болгон жагдайга байланыштуу тергөө жүргүзүп жаткан Дэмиан Коллинз Цукербергди парламентке келип түшүнүктөмө берүүгө чакырды. Бирок Марк Цукерберг ордуна башка кызматкерлерин - Майк Шрепфер менен Крис Коксту жиберген.

"Facebook бул маселеге коомдун жана парламент мүчөлөрүнүн кызыгуусун таанытып отурганын моюндады. Ошондой эле, алардын бул кызыгуусу орундуу экенин да жакшы түшүнөт. Жана бийлик бул маселени жогорку деңгээлде чечет деген үмүттө", - деп жазылган “Facebook”тун жообунда.

“Reuters” басылмасынын маалыматында, Коллинз Цукербергдин гана түшүнүктөмөсүн уккусу келээрин айткан.

"Биз “Facebook” компаниясы өкүлөрүнөн алардын күбөлүк кылууга канчалык даяр экенин аныктап билебиз. Кат алмашуу учурунда алардын так жообун түшүнгөн жокпуз. Келишимди берген кезде биз диалог жүргүзүүгө даярбыз”,-дейт депутат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!