Үйдү 10 мүнөттө кантип курса болот?

19-Апр. 2018, Бейшемби, 11:40

Үй салуу, жеке менчик батир алуу – ар бир адамдын кыялы. Жаңы технологиялар жеткен жетиштик боюнча, бул кыялга эми 10 мүнөттө жетүүгө болот. Бул тууралуу “Baq.kz” маалымат булагы “CNN” басылмасына шилтеме берип маалымдайт.

Британиялык “Ten Fold Engineering” фирмасы ойлоп тапкан “uBox үйү” 645 чарчы фут же 60 чарчы метр жерге арналган. Портативдик үй оор техникасыз эле өзүн-өзү кайра жыйнап коё алат.

Ар бир портативдик үй патенттелген ташуучу системасын да пайдаланат. Көчүрүүгө арналган контейнер сыяктуу бул үйлөрдү да бир жеоден башка жерге орун которууга болот.

Даяр үйлөр жашоочуларга ыңгайлуулук сезимин тартуулоо үчүн ойлонуп табылган.

«Биздин азыркы жашообузда ылдамдык деген сөз өтө маанилүү. Анткени, тегерегибизде баары тез өзгөрүп турат. Заман талабына ылайык бул үйлөр да тез арада салынып, кайра жыйналат», - дейт британ архитектору Дэвид Мартин.

Аталган үйлөрдү кадимки үй, дүкөн, офис, чакан кафе же көргөзмө катары пайдаланса болот.

«Бул үйлөрдү кышында тоодо, жайкысын көл жээктерде колдонсо өтө ыңгайлуу. Бай адамдардын эрмеги катары жасалды деп ойлоп калбаңыздар. Көп чыгым чыгарбай эле ар бир адам кол жеткире алат деп ойлоймун», - деди архитектор Мартин.

Бизнести өнүктүрүү менеджери Андреа де Бурдиндин айтуусу боюнча, бул үйлөр азыркы маалда соода, жер үй, тоодо орун алган энергетика тармактары үчүн керек болуп жатат. “uBox” үйлөрү азыркы учурда жаңыдан өнүгүп келе жаткандыктан компания канча дана сатылганын жашыруун сактоодо. “Ten Fold” фирмасы портативдүү үйлөрдү ойлоп чыгаруу аркылуу салтуу архитектурага зыян алып келет деп эсептебейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!