Өзгөчө стилдеги таштанды кутулары

23-Март 2017, Бейшемби

Үйдөгү билинбеген нерселерге өзгөчө көрк берүү менен алардын кызмат ордун ачып, өзгөчө жасалга берүүгө болот. Ошондой заттардын бири бул таштанды таштоочу урналар.

“Brabantia” компаниясы өзгөчө стилге ээ жана функционалдуу заттарды үй дизайны үчүн иштеп чыгат. Ирландиялык дизайнер Орлой Кили менен биргеликте иштөөнүн аркасында өзгөчө дизайнга ээ, ретро стилдеги таштанды салуучу кутулар ойлонуп табылган.

Орлой Кили ойлоп тапкандарды үй эмеректерин гана эмес кийим элементтеринен да кездештирүүгө мүмкүн. Дизайнер ачык өңдөргө басым жасап, түрлүү жана өзгөчө оюулар менен кооздойт.

Жаңы коллекциядагы заттарды эки түрдүү түстө көрүүгө болот: күңүрт-графит фонундагы оюулар, саргылт-кызыл түстүү капкакта жана кара –графиттеги сары капкактуу болмокчу.

Brabantia кутусу — бул кооздук берүүчү деталь гана эмес, бөлмөнүн интерьерин толуктап, функционалдуу жана ар дайым керек болуучу зат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!