Жазгы дизайн элементтери

3-Май 2018, Бейшемби, 12:15

Терезе сыртында кандай аба-ырайы болбосун, көңүлүбүздө жаз орун алышы үчүн, дизайн элементтерине көңүл бөлүп, үйүңүздү кооздоп коюңуз.

Алтын түстүү майда-чүйдө нерселерди көбөйтүңуз. Мисалы, төмөндөгүдөй гүл формасындагы шам салгыч үйгө керек. Ошону менен бирге өтө модалуу жана кооз зат.

Күнүмдүк керектүү жана үйгө өзгөчө жылуулук тартуулаган жакшы мисал – ачык түстүү, гүлдүн сүрөттөру тартылган жаздыкчалар.

Дүкөн же базарды бир аз араласаңыз, өзгөчө формадагы заттарды таба аласыз. Мисалы, түшүнүксүз формадагы кумаралар болгону сиздин үйүңүзгө гана тандык болуп мактанычыңызга айланат.

Сары түстөгү бут сүргүч жуунучу бөлмөнү жаңырта алат.

Гулдөрдүн сурөтү бар идиш жаз мезгилинде ашкан бөлмөңүздөгү көз сүйүнткөн буюмдардын бири болот.

Мындай майда-чүйдө өзгөчө элементтерди милдеттүү түрдө алып коюңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!