2017-жылдын парда үлгүлөрү

31-01-2017

Үйдүн байкалбаган кооздугу болгон пардаларды тандоодо көп кыйынчыктар келип чыгат.

Пардалар - бейпилдик жана гармонияны тартуулоочу үйдүн бир элементи. Үйдүн кайсы бөлмөсүндө жайгашпасын, ал функционалдуу болуп, үйдүн текстили жана терезе дизайнын стилистикалык багыттарына жооп бериши керек.

2016-жылы терезе пардалары ачык түстө жана элементтер менен коштолгон. Ал эми быйылкы жылы дизайн багыттары классикалык, минимализм багытында болуп ачык түстөргө, түрдүү аксессуарларга басым жасалат. Дизайнерлер 2017-жылдын терезе пардалары назик жана өзгөчө стилде болорун белгилешти.

Тандалган пардага бөлмөдөгү жарык, дубалдын жана эмерек түстөрү да таасир берет.

Парда үлгүлөрү

“File” парда үлгүсү көшөгө моделдерин: бул жылы тазалыктын жана аруулуктун түсү болгон ак өң актуалдуу бойдон калмакчы.



Узун парда үлгүлөрү: Терезе айнегинин көлөмүнө жараша узун парда үлгүлөрү бул жылы модалуу болот. Сырттагы күндөн коргоп бөлмөнү бийик көрсөтүүчү ачык түстөр сунушталат.

Түстүү өңдөр: Ачык өңдөргө альтернатив катары бул жылы түстүү моделдер бири-бири менен жарашыктуу болуп жана кандайдыр бир энергия берет.



Бул жылы өзгөчө конок бөлмөнүн декарациясында ачык түстөр алдыңкы планга чыгат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!