Эмне үчүн үйлөр 9 кабаттуу?

26-Апр. 2017, Шаршемби

Эмне үчүн көп кабаттуу үйлөр 10 же 17 эмес, 9 кабаттуу болот деген суроого кызыгып көрдүңүз беле?

Тогуз кабаттуу болушунун негизги себеби бул өрт өчүрүүчү унаанын тепкичи 28 метрге чейин жеткендигине байланыштуу.

Бул нормативдүү документтерде жогорку кабаттын терезелерине өрт өчүрүүчү унаалардын тепкичинин жетүүсү боюнча так жазылган.

2.8-3.0 метр стандарттык кабат бийиктигин эске алуу менен пайдубалы же базасынын бийиктигин кошсо дээрлик бардык учурларда кээ бир гана жагдайларын эске алганда, өрт өчүрүүчү унаа тогузунчу кабатка араң гана жетет.

28 метрден ашкан бийик имараттарда “h1” тепкичтери талап кылынат. Курулуш ченемдери жана эрежелери боюнча тепкичтер төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт:

Н1 – тепкичи, имаратка арткы тарабынан кирүү үчүн;

Н2 – кошумча аба аппараттары менен кирүүгө мүмкүн болгон тепкичтер;

Н3 — Тепкичтери үчүн атайы аба аппараттарынын жардамы менен кошумча жер аркылуу же болбосо ачык балкон тарабынан кирүүгө мүмкүн болот.

Бул үйдүн чарчы метрге наркын бир топ жогорулатып жана бул тепкич көп орунду ээлейт. Мындай чечим 14-18 кабаттуу имараттарында гана орнотсо болот.

Эскерте кетсек үнөмдөө ГОСТ боюнча биринчи кезекте тургат. 9 кабаттуу имаратка бир лифт талап кылынат, ал эми 10 же андан көп кабаттар үчүн 2ден лифт каралат. Экинчи жүк ташуучу лифтен сырткары 9 кабаттуу имараттарда түтүн тазалоочу системасын жана кошумча эвакуациялоочу жолдор талап кылынбайт. Бул үйдүн баасына таасир этет. 9 кабаттууга караганда 12 кабаттуу үйдүн чарчы метри кыйла жогору болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!