Керебетти кантип туура тандоо керек?

11-Май 2017, Бейшемби

Сизге керебет керекпи?

Суроо берүү аныктамасы төмөнкүдөй: эгер эс алуу үчүн ортопедиялык матрастын үстүн шейшеп менен жаап салгандан кийин керебет сатып алуунун кереги барбы? Жооп: керебет бул зер буюмдары үчүн шкатулка сыяктуу роль аткарат. Ал төшөккө толук кандуу бүткөн көрүнүш берет.

Мындан тышкары, айрым моделдер жайгашкан бийиктикти жөнгө салууга жана жогору орнотуу үчүн мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, бийик жатып уктаганды жакшы көргөндөр үчүн керебетти басып коюу менен жөнгө салууга болот. Ал үчүн калың матрас алуу керектелбейт. "Бутерброд" дизайнында (каркас-төшөк-колдоо (опора) системасы алда канча туруктуу. Мисалы, бир абдан чоң керебет сатып алсаңыз, ал матраска салмагын бир калыпта таратуу үчүн абдан маанилүү болуп саналат. Кең керебеттер үчүн бешинчи бутту керебеттин ортосуна орнотулат.

Көлөмү кандай?

Алгач кандай формадагы модель керек экендигин чечип алыңыз. Тегерек керебет тик формадагыга караганда бир жарым эсе көп орун алат. Керебеттин эки бирдей маанилүү өлчөмдөрү бар экенин унутпаңыз: уктоо бөлмөнүн чоңдугу (матраска масштабына жараша) жана объектинин узун-туурасына байланыштуу. Ошентип, жата турган жердеги керебет 160x200 сантиметр болсо, ошондой эле өлчөмдө кошумча 200х250 сантиметрге ээ боло алат. Ошону менен бирге эки тарабынан басып турганга 70 сантиметрдей жер калтыруу керек.

Ал эргономикалык болушу керекпи?

Керебеттин баш тарабы аз да болсо чыгып турса жакшы. Анткени ал психологиялык жайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылат, ошондой эле жаздыкты "кармап" турат. Эгер сиз жаздыктын астына колуңузду коюп, капталдап жатып уктаганды жакшы көрсөңүз, анда – текчелери бар керебеттерден баш тартыңыз. Себеби уктап жаткан маалда башыңызды уруп алышыңыз ыктымал.

Кандай формада?

Биринчиден сизге пардасы (балдахин) менен керекпи ошону аныктап алуу керек. Заманбап уктоочу керебеттерде падышалардыкындай будуар атрибутту эч кандай иш-функциясын аткарбайт. Бул илгери калың кездемелер хан сарайларда сууктан коргоп, жылуулукту кармап туруу үчүн колдонулган. Ал эми бүгүнкү күндө бир гана чаң чогултуп, керебеттин баасын жогорулатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!