Батирде китепти кантип жайгаштырабыз?

13-Июль 2017, Бейшемби

Электрондук китептердин пайда болгонуна карабай кээ бирлерибиз кагаз китептерин окуганды жакшы көрүп, окуп келебиз. Ошондой эле көпчүлүгүбүз туугандар же достордон белек катары алып жүргөн китептер жыйналып отуруп өзүнчө бир китепканга айланат жана көп орунду ээлейт. Эгер үйүңүздө китепканага арналган бөлмө жок болсо, “билимдин көзүн” сактоо үчүн жөнөкөй мисалдарды келтиребиз.

Орун маселеси

Азыркы кезде тапшырык менен өтө жакшы китеп тизчү шкафтарды жасатып, эскирген дубалдар менен бир өңчөй текчелерди унутуучу кез келди. Бирок, ушундай супер-шкафка чоңураак жана эң башкысы бош жер керек болот, бирок мындай бош орун ар бир үйдө табыла бербейт. Жана дагы ушундай китепканалар өкүнүчкө карай арзан турбайт. Эмерек дүкөндөрүндө азыр өзгөчө- кызыктуу стеллаждар менен текчелер сатылат, алар кооз, бирок оңой менен кичинекей бөлмөгө батпайт. Андан сырткары, баардык битирди ушундай эмерек менен толтурса, ал дизайнды бузуп, тар кылып көрсөтүп коёт. Көптөгөн том китептер үйүңүздү толугу менен толтуруп таштабасын десеңиз, аларды сактоодогу функционалдуу, ыңгайлуу жана заманбап ыкмасын таап көрүңүз.

Дубал конструкциясы
Эгер батириңизде жумуш иштөөчү ордуңуз бар болсо, үстөлдүн айланасына бир нече асып койчу стеллаж-текчелерди жасап көрсө болот. Алар ар түрдүү болушу мүмкүн – айлануучу, тар жана узун, же болбосо тескерисинче, көп кутучалары бар кыска жана кең боло алат. Кааласаңыз аларды айнек менен жаап, кааласаңыз жалюзи илип коюңуз (бул арзан болот) же болбосо ачык бойдон калтырыңыз. Бирок акыркы жагдайда китептердеги чаңды бат-баттан сүртүп туруу кажет. Ушундай асма конструкциялар кең бөлмөнү оорлотпойт, ошондуктан аз орундуу батирге жакшы чечим боло алат.

Окууга арналган орундук
Китептерге орун издеп журүп, өз адаттарыңыз менен каалоолоруңузду да унутпаңыз. Мисалы, төшөктө жатып, китеп окуганды жакшы көрсөңүз, уктоочу бөлмөдө төшөктүн астына чакан жашиктерди жасап ага салып сактасаңыз да жакшы чечим. Китептерди сактоодо батирдеги өзү аз болгон жерлерди текке кетирбейсиз. Ага кошо, китептер ар дайым кол алдыңызда болот. Эгер «окуучу ордуңуз» ашканада болгон болсо, анда ал жерге өтө бийик эмес стеллаж илиңиз. Айтмакчы ушундай стеллаждарды батынып баардык битирлерге койсо ашыкча болбойт. Эң башкысы алар төмөн жакта болуусун көзөмөлдөө керек: эмерек бийик болгон сайын, ал ошончолук кенендикти визуалдык түрдө жок кылат.

Көп көрүнө бербеген жерлер
Эшиктин үстүндөгү кенен жерди колдонсоңүз болот- адатта анда ар дайым чакан текчелерге орун табылат. Ушу жерде дагы бир сыр бар: текчелер кичинекей болгон сайын, батир ошончолук кенен көрүнөт. Ата-энелерибиз көп колдонгон чоң кенен текчелер үйдө оорлотуп, күңүрт сыяктуу сезимди туудурат. Анын үстүнө эски модадагы зат болуп көрүнөт. Эгер үйдө ар түрдүү колдонулбаган антресольдор болсо, аларды да китеп текчелерине окшоштуруп кайрадан жасап чыкса да болот.

Сактоо эрежеси
Китептердин башкы душманы – бул суу менен жарык. Жогорку нымдуулук китептин көгөрүп кетүүсүнө алып келет. Ал эми өтө катуу тийген жарык китепти кургатып жиберет. Ошондуктан китеп текчелерин тик тийген күн нурларынан сактаңыз. Эскерте кетчү нерсе ушундай жагдайда өтө төмөн орун алган стеллаждар жакшы вариант боло алат. Эгер китептер айнектин артында сакталган болсо, шкафтар менен текчелерди ачып желдетип турууну унутпаңыз. Жалпы үйүңүздү жакшы билсеңиз, китептерге атайы орун табылаары сөзсүз. Аларды эң кичинекей үйдүн ичинде да ылайыктуу кылып койсо болот. Ар бир китеби бар үй жайлуу жана жылуу көрүнөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!