Заманбап кеңсе коворкинг

14-Июль 2017, Жума

Коворкинг деген эмне экенин дүйнө 2005-жылы биле баштаган. Аны жаш америкалык программист Бред Ньюберг фрилансер же кеңседе отуруп жумуш иштөө түрлөрүн бириктирип коворкинг моделин ойлоп тапкан. Өзү сыяктуу санаалаш адамдар менен Бред иш аянттарын ижарага алып иштей баштаган. Ошентип “coworking” деп аталган жумуш орундарын жаралган.

Коворкинг деген эмне?

Англис тилинен которгондо "коворкинг" – "биргелешип жумуш иштөө" дегенди түшүндүрөт. Бир жерде бир нече адамдын биргеликте жумуш иштөө модели. Фриланс менен офистин ортосундагы бир кубулуш дегенге болот. Эркин, көз карандысыз адамдардын бир жагынан фриланс режиминде, бир жагынан офисте жумуш иштөөсү. Ал эми “фриланс” бул англис тилинен которгондо “эркин куш" дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, бир дагы компаниянын курамында эмес, буюртманы өз ыктыяры менен тандап, жумушту аткарып, ал үчүн акы аласыз.

Мындай түрдөгү иш алып баруу бир нече жыл ичинде дүйнө жүзүнө жайылып, бүгүнкү күндө дүйнөнүн чоң-чоң шаарларында коворкинг- кеңселеринде бир эле учурда стартаперлер жана фрилансерлер биргеликте иш алып барышууда.

Коворкинг идеясы фрилансердин өнүгүүсү менен келип чыккан. Дизайнер иш өндүрүмдүүлүктүн сапатын жогорулатуу үчүн программист жана биржалык брокер менен бир бөлмөдө отуруп иштесе болот. Бирок коворкинг аянттары үчүн аренда акысы төлөнгөндүктөн ал жерде иштегендер күжүрмөн эмгектенүүгө аракетенишет.


Кимдер үчүн ыңгайлуу?

Коворкинг дизайнерлер, программист, контент менен жумуш иштөөчүлөр, котормочулар, жеке кесипкөйлөр, сырттан кызмат кылган “SEO”, “SMM” же болбосо дагы башка веб, ІТ кызматкерлер үчүн ыңгайлуу жер.

Коворкинг жыйынын пайдалуу жагы

Кызматкер өзү каалаган формада жумуш иштей алат. Отуруп иштейби, гамак же болбосо дивандарда жатып иштейби өзү билет. Түрдүү жагдайлар караштырылган. Уктоо бөлмөсү, жыйын залы, китеп окуу бөлмөсү, тамеки тартуу орду өзүнчө бөлмө бар) кофе-суусундук сатуучу жер да орун алган. 6-8-12 адамга арналган жыйналыш өткөрүүчү бөлмөлөрү бар, чоң жыйындарды конференц залда өткөрүүгө болот.Ал эми чакан жыйын, сабактарга арналган кичинекей залы да бар. Өз техникасы жок кызматкерлерге компьютер столдору да бар, албетте “Macintosh” жактырган болсо. Интернет бекер.
Кээ бир мындай кеңселерде амфитеатр да каралган анда презентацияларыңызды өткөрүүгө болот.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!