Интерьердеги майда элементтер

24-Авг. 2017, Бейшемби

Интерьерде кадимки ыкмалар стилдүү бөлүктөргө өзгөртүүгө жардам берет. Контрастуулукту сактоо аркылуу, бөлмөнү кандай турлөндүрүүгө болоорун айтып бермекчибиз.

Жарык кылуу

Батирдин дизайнын жарык берүүчү каражаттардын ордун алмаштыруудан баштоого болот. Кагаздан абажур жасап, аны менен кичинекей май шамы бар бокалдын түбүн жабыңыз. Столго коюлуучу шам даяр. Башкысы аба бөлмөдө эркин айлануу үчүн кагаздын үстүн кесип коюу керек.

Чыгармачылык амал

Маркердин же болбосо сүрөт салчу боёктордун жардамы менен жыпар жыттуу май шамдары бар стакандардын айнегин боёп кооздоңуз. Өзүңүз кандайдыр бир гулдүн жаныбардын сүрөтүн тартыңыз же болбосо балдарга тапшырма бериңиз. Адаттагыдан сырткары оймо чиймелер өзгөчө стилдүү көрүнөт.

Дизайнерлик шамдар

Сынган айнек идишти ыргытып таштабаңыз. Рюмканын же сткандарды колдонуу менен өзгөчө шам идиштерин жасаңыз. Ошондо сизде чыныгы дизайнерлик шамдар пайда болот. Композиция жасаңыз – мындай заттар жакшы көрүнөт.

Контрастуулук

Батирдин интерьерин кооздоодо контрастуу түстөр сыяктуу эч нерсе өзгөчөлөнтө албайт. Алар бөлмөгө тереңдикти берет. Интерьерди жаңыртуу үчүн декордун бир-эки элементин кошуу жеткиликтүү. Гүл салуучу вазалар өзгөчө көрк берет. Столго бир түстөгү бир нече же болбосо эки контрастуу өңдөгү ваза коюңуз.

Эң негизгиси түс

Кооз декоративдүү заттарды дем алыш күндөрү жарманкелерден же болбосо базарлардан табууга болот. Бири-бирине шайкеш элементтерди тандоо үчүн түскө жакшы көңүл бөлүү керек. Бөлмө дизайны кичинекей буюмдардын гармонияда болуусуна байланыштуу.

Эгер түстүн түрлөрүн жактырып, бирок контрастуулуктун болушун каалабасаңыз, бирдей гармонияда болчу түстөрдү тандаңыз. Кара, ак же болбосо боз түстөгү заттарга басым жасаңыз. Алар баардык эмерек менен шайкеш келет.

Бардыгын колдонууга болот

Ашкананы кооздоо үчүн бир өңчөй түстөр же ар түрдүү түстө болобу, бирок текши өңдөрдү, ар түрлүү калыптагы жана өлчөмдөгү стакандар менен табактарды тандаңыз. Үстөл жайлуу, ошол эле маалда кооз болуп көрүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!