Үйгө угулган ызы-чууну кантип азайтууга болот?

26-Сен. 2017, Шейшемби, 13:32

Ар бирибиз эле жумуштан чарчап келгенде тынч үйгө кирип эс алгыбыз келет. Бирок андай учурлар баардыгыбызга эле жылмайа бербейт. Себеби сырттан келген унаалардын, курулуш болуп жаткан жерден, адамдардын добуштары үйгө кирип тынчтык бербейт. Биз ушундай жагдайлардан кутулуу жана тынч үйгө кол жеткирүү үчүн колдонууга боло турган кеңештерди сунуштайбыз.

Сырттагы ызы-чуудан толугу менен кутула албасак да, аны азайтунун, добуштун дэңгээлин төмөндөтүү аркылуу бөлмөдөгү жаңырыкты (эхо) жоюга болот.

Кездемелерди тандоодо

Кездеме материалдар бөлмөдөгү кыйла добуштарды азайтат. Анткени, реверберация ызы-чууну эң төмөнкү деңгээлге чейин кыскартат. Эгер сиз жылаңач дубалдарды жана тегиз беттерди пайдалангыңыз келсе, салыштырмалуу түрдө добуштар өзүбүзгө да, коңшуларыбызга да жагымсыздык алып келүүсү мүмкүн. Добушту азайтуу үчүн терезелерди пардалар менен жаап, полго килем төшөп койсо болот.

Тоскоолдуктарды жоюу

Таза, кенен бөлмөлөрдү жана чоң, тегиз беттер добушту чыгарат жана кээде тоскоолдуксуз катуу үндөр угулат. Үйдөгү үндөрдү азайтуу үчүн оптикалык жарык жок болгон учурда добушту сиңирүүгө жардам берчү айнек эшиктер, терезелер жана материалдарды пайдалануу керек.

Ашкана куралдары

Ашкана эң көп добуш чыгаруучу бөлмөлөрдүн бири болуп саналат. Бирок бул учурда да сиз ызы-чууну азайта аласыз. Ашканада туура куралдар менен электрониканы тандоо жаңырууларды азайтуу үчүн өтө маанилүү. Эң алгач туура электр аспаптары, идиш жуугучтар, соргучтар, аралаштыргычтар жана башка курал-жарактар аз добушта иш алып барса тынчтыкты камсыз кылат.

Өзгөчө ыкмалар

Сиз заманбап, тынч электр куралдарын тандадыңыз, бирок ошондо да добуштун деңгээли дагы деле катуу болуп жатабы же болбосо сиздин бюджетиңизде жаңы кир жуугуч машинага орун болбосо, анда катуу вибрацияны азайтуу үчүн желим резинка колдонуңуз. Ошоентсе да жыгач, бетон полдордон чыккан үндөрдү төмөндөтүү үчүн азыркы дазайнды колдонууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!