Гүлдүн идиштерин кантип кооздоого болот?

5-Окт. 2017, Бейшемби, 15:40

Үйдө гүл өстүрүүнү жактырасыз, бирок сизде кооз кумаралар баардыгына жетпейби? Эски гүл идиштерин оор күч жумшабай жана чыгымсыз кооздой аласыз!

Сизге керектүү буюмдар:
• Эски кумаралар же банкалар, пластик идиштер жана башка гүл салгычтар
• Түрлүү түстүү пахта кездемесинин бир бөлүгү
• Желим
• Боёк сүйкөгүч (кисть)

1-кадам
Эски идишти жылуу суу менен жууп, толук кургаганга чейин бир жерге коё туруңуз.

2-кадам
Жумуш жасоочу стол бетине эски гезиттерден жайыңыз.

3-кадам
Кездемени бир нече тилимдерге бөлүңүз.

4-кадам
Кездемеге сүйкөгүч менен желим сүйкөңүз.

5-кадам
Астынан тешик калтырууну унутпаңыз, кумаранын сырткы бөлүгүн желимдеңиз.

6-кадам
Пайда болгон абасы бар жерлерди тегиздөө үчүн кол менен сүртүп чыгыңыз.

7-кадам
Даяр болгон идишти муздак сууга салып, толук кургаганча коюп коюңуз.

Ошонтип биздин кооз гүл салгыч идишибиз даяр! Жайлуу жана кооз көрүнүүсү үчүн кездемени бөлмөнүн каалаган интерьерине шай келгендей кылып тандап алыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!