Кичинекей кийим сактоочу бөлмөлөр

5-Окт. 2017, Бейшемби, 16:25

Сиз үйүңүздө кийим-кечек бөлмөсүнүн болуусун каалайт белеңиз? Бул заттарды сактоого керектүү текчелер менен жабдылган кичинекей бир бөлмө. Мындай бөлмөлөрдү биз адатта байлардын үйлөрүнөн же болбосо кинолордон көрүп жүрөбүз. Азыркы заманбап батирлерде мындай бөлмөлөр да кездешип келет. Жана мындай бөлмөлөрдү да өзгөчө дизайнда сунуштап, кооздук тартуулай аласыз.

Биринчиден, бул бөлмөлөрдүн көпчүлүгүндө терезе болбогондуктан анын желдетүү жана андагы нымдуулукка көз салуу кажет. Антпесе андагы сакталган кийимдер жана буюмдар жагымсыз жыт чыгарып, ал бир аз убакыттан кийин дубалдардын көгөрүп кетүүсүнө алып келет. Абанын тынбай кирип туруусу кийим-кечек бөлмөсүнө оптималдуу кондиционерлөөнү камсыз кылат.

Экинчиден, үйдө же батирде сакталуучу табигый температура. Үчүнчүдөн, алдын ала пландалган жарыктандыруу системасы.

Адатта көп кабаттуу батир үйлөрдө мындай жайды “склад” деп аталып, ал үйдүн кире бериш бөлүгүндө орун алат. Ал эми жер тамдарда бул бөлмөнү салаардан мурда пландап кошуп салып кетсе болот. Эгер бул кийим сактоочу жай башынан планда жок болгон болсо, анда аны атайы гипсокартон менен бөлүп өзүнчө кичине бөлмө жасасаңыз болот. Төмөндө сиздер үчүн бул бөлмөлөрдү кандай дизайнердик чеберчилик менен жасаса болоору тууралуу бир нече мисалдарды сунуштай кетсек:


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!