Идеалдуу бакча үчүн керектүү 10 нерсе

6-Окт. 2017, Жума, 15:00

Бүгүн шаарлар эс алуучу жайларга айланган кезде, сиздин үйүңүз кичинекей болсо да аны декоративдүү ландшафт менен кооздоп дем алуучу жайга айлантыңыз. Бакчалуу үйдүн кооздугун арттыруу үчүн төрт мезгил бою эстетикалык жайлуулукту камсыз кылып, көк чөп менен төшөлгөн жерди көрүнүктүү заттар менен жасалгалоо керек. Биз 10 идеяны бириктирип, алар бакчадагы конструкцияларды жасоодо көңүл бөлүү менен сизге өзгөчө бакчаны кураштырууга жардам берет. Биз келтирген үлгүлөрдү карап сиз да өз бакчаңызды кооздоп, жайы-кышы суктанаарлык жайга айлантыңыз.

Беседкалар

Бакчанын бош жерине декорациялык чатырларды тургузуу менен үстү жабык мыкты жайга ээ болууга мүмкүн. Сиз беседканы өзгөчө шамдар менен кооздоо аркылуу кечкисин жай-баракат чай ичип, сүйлөшүп, эс алууга мүмкүнчүлүк туудурган жерге ээ боло аласыз.

Таш жолдору

Жашыл шибер менен капталган жерди ландшафт таш аксессуарлар менен жана атайы чуңкурлар менен жасоого болот.

Жыгач полдор

Жыгач полдор менен логистикалык жерлер бакчанын табигый касиеттерин бекемдөө үчүн өтө маанилүү. Аны сиздин сиздин бакчаңызга милдеттүү түрдө колдонуу керек. Себеби, бул табигый жана өзгөчө кооздук берүүчү материал.

Тосмолор

Сиз бакчаңызды дагы өзгөчөлөнтүү үчүн тосмолорду колдонсоңуз болот. Алар жыгачтан же металлдан болуусу ыктымал.

Саркеч отургучтар

Эгер бакчага кандайдыр бир эс алуу жайын кура турган болсоңуз, анда саркеч дизайндын бирин тандап, жайлуу отургучтарды кураштырсаңыз жашкы. Мисалы, пикник уюштургуңуз келсе, анча алыс кетпей үйүңүздүн бакчасына уюштурууга болот.

Чоң вазалар

Бакчаңыздын ичиндеги кенен жердин ар бир бурчуна чоң жана гүл отургузулган кооз вазалар, кумаралар менен кооздосоңуз өзгөчө көрүнүшкө ээ болосуз. Бул заттар эстетикалык ырахат туртуулап турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!