Кышкы бут кийимдерди кантип сактайбыз?

18-Ноя. 2017, Ишемби, 15:29

Суук мезгилде кире бериш бөлмөдө бир нече бут кийим жыйылып калат. Жылуу жана резинка өтүктөр көп орун ээлейт. Ал эми жамгыр жана кар жааганда, тамандардан ээрип аккан баткак менен топурак аралаш суу бөлмөнү кирдетет. Ушуга байланыштуу күз-кыш мезгилинде коридорду күн сайын жууганга туура келет. Бул ишти жеңилдетүү максатында сиздерге бир нече пайдалуу идеяларды сунуштамакчыбыз:

1. Полду майда деңиз таштары менен толтуруу

Кадимки пластик идишти деңиз же өзөн сууларнын майда таштар менен толтуруп, кире бериш бөлмөгө коюңуз. Ушул ыкманын натыйжасында бут кийимден ээрип аккан баткак суулар таштарга агып, бөлмө да таза болот. Албетте анда-санда палеттеги таштарды сыртка чыгарып тазалап туруу кажет.

2. Тик сактоо жайы

Тигинен кармагычтары бар стендди кире бериш бөлмөдөгү тазалык менен иретүүлүктү камсыз кылат. Бут кийимдер жыгачтарга илинип, кургатылат.

3. Бут кийим үчүн илгич

Кол өнөрчүлүгүңүздү көрсөтүп бир нече илгичти илүү аркылуу бут кийим үчүн “шкаф” даярдасаңыз болот. Бут кийимдин зыянга учуратпоо үчүн, кыскычтарга кездеме же жүн менен карматыңыз.

4. Тор-текче

Торлонгон текчеде бут кийим кадимки текчелерге караганда тез кургайт.


5. Бутулканын капкагынын килемче
Кадимки жөнөкөй шараптын апилкадан жасалган капкактарынан бут кийим сактоочу жана кургатуучу келемче жасаңыз. Капкактарды бири-бирине жабыштырып, эски палетке же болбосо тактайчага жайгаштырууга болот. Кире бериш бул килемченин аркасында ар дайым таза жана кургак турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!