Ашып калган туш кагазды эмне кылса болот?

18-Янв. 2018, Бейшемби, 15:44

Үйдү ремонт кылып бүтүп ашып калган туш кагаздарды эмне кылууну билбей жатасызбы? Бүгүн биз үйдөгү жыйылып жаткан туш кагаздарды пайдалуу нерселерге колдонуунун ыкмалары тууралуу айтып бермекчибиз.

1. Өзгөчө төбө

Балдар бөлмөсүн өзгөчөлүк киргизүүнү кааласаңыз анда төбөсүнө туш кагаздан жабыштырып коюңуз жана ал ачык түстө болсо жакшы.

Эгер сизде бир же бир нече ором туш кагаз калса, ал менен балдар бөлмөсүн гана эмес башка дагы сиз каалаган бөлмөнү кооздосоңуз болот.

Узун жана ичке сызыкчалары бар туш кагаздар бөлмөнү кенен көрсөтөт.

Үйдүн төбөсү интерьердин негизги акценти да болуп калат.

2. Эшике жабыштырылган туш кагаз

Бул вариант дагы өзгөчө жана стилдүү көрүнөт. Бирок ал үчүн бекем жана көпкө чыдаган туш кагаздар гана туура келет. Жана ошондой эле аларды жууп, бөлөк түскө боёгонго мүмкүн болсо да жакшы. Мындан сырткары бул ыкманын жардамы төмөндөгү сүрөттө көрсөтүлгөндөй “сырдуу” эшик жасаса болот.

3. Өзгөчө дубал бети үчүн

Көпчүлүк учурда биздин жашап жаткан үйлөр мыкты абалда эмес. Аларда дубалдары түз эмес, стандартка ылайык келбеген бөлмөлөр да бар. Ушул сыяктуу кемчиликтерди жаап-жашыруу үчүн да туш кагаз колдонсо болот. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып дубалдын бетин туш кагаз чаптап, ага жарыктарды орнотуп бөлмөгө кооздук жаратыңыз.


4. Тепкич үчүн

Кээде ремонт иштери бүткөндөн кийин майда кесилеген туш кагаздар ашып калат, аларды сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып тепкичтин алдына чаптап чыгыңыз. Бул өзгөчө дачадагы үйүңүз үчүн актуалдуу көрүнөт.

5. Муздаткыч

Дагы бир идея-муздаткычты туш кагаз менен декарациялоо. Көптөгөн наклейка жана магниттерге караганда кооз көрүнөт эмеспи. Бирок мындай эксперементке көпчүлүк макул боло бербейт, ошондуктан бул ыкманы дагы дачадагы муздаткычка жасап көрүңуз.

6. Эмеректин ичине

Эмректи кооздоо, муздаткычка карганда жеңил жана коркунучтуу эмес. Мисалы, тарткычтардын же текчелердин ички бетин төмөндүкүдөй кооздоп көрүңүз.

7. Эмеректин фасады үчүн

бул идея көпчүлүк кол өнөрчүлөр үчүн жагат чыгар, себеби алар чыгармачылык менен алектенди жактырышат. Клей, туш кагаз жана эмрек үчүн лак алып чыгармачылык процессти баштаңыз. Эмеректин фасадын чыптап чыгуу кызыктуу бирок ошол эле маалда дыкат иштеп чыгууну талап кылат.

8. Дубалдын жарым бетин

Азыркы күндө дубалдын жарымын кооздоп коюу, өзгөчөлөнтүп көрсөтүү мода болууда. Мисалы, уктоочу керебеттин баш жагын же конок бөлмөнүн дубалын. Бул үчүн туш кагаз эң мыкты чечим болуп берет. Ортодогу туш кагаз чапталган жерге көңүл бурдуруу үчүн анын четин молдинг же кагаз плинтус менен чаптап коюу кажет.

10. Дубал декору

Керек болсо туш кагаздын майда бөлүктөрү да интерьерди декорациялоода кажет болот. Мисалы, бул сыяктуу саат жасап четин сүрөт рамасы менен кооздоп коюу гана зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!